7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Төрага Марлен Маматалиев Франциянын элчиси Николя Файды кабыл алды

344

Төрага Марлен Маматалиев Франциянын элчиси Николя Файды кабыл алды.

Тараптар эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык мамилелерди өнүктүрүү маселелерин талкуулап, парламенттер аралык өнөктөштүктү өрчүтүү тууралуу да сөз кылышты.

Кыргызстан Франция мамлекети менен бардык багыттагы кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экендигин белгилеген Төрага Марлен Маматалиев: “Анын ичинен соода-экономикалык байланыштарды тереңдетүү өзгөчө артыкчылыкка ээ. Бул жаатта мүмкүнчүлүктөрүбүз өтө чоң. Андан тышкары, экологияны коргоо, туризмди өнүктүрүү жана санариптештирүү саясатын күчтөндүрүү жаатында да биргелешип иш алып баруубуз кажет”, – деди.

Ошондой эле алакаларды арттырууда парламенттик дипломатиянын ролу чоң экенине токтолгон Төрага депутаттардын эки тараптуу жолугушууларын жана иш сапарларын уюштуруу зарылчылыгын кошумчалады. Айрыкча депутаттык достук топторунун байланышын чыңдоо учур талабы экенин билдирди.

Ал эми Атайын жана ыйгарым укуктуу элчи Николя Фай айтылган сунуш-пикирлердин маанилүү экенин белгилеп, кыргыз-француз кызматташтыгын кеңейтүү багытындагы демилгелери менен бөлүштү.

Айрыкча парламенттер аралык байланыштарды тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурарын айткан элчи, бул жааттагы кызматташтык жетишилген келишимдерди ийгиликтүү ишке ашырууда өзгөчө мааниге ээ экенине токтолду.

Муну менен катар тараптар түз аба каттамын ачуу жана эки өлкөнүн маданий борборлорун түзүү тууралуу ойлорун ортого салышты.

345