7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Төрага Шакиев 21 неберенин, 22 чөбөрөнүн чоң атасы Аспек Жумашевден кабар алды

642

Бүгүн, 8-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жеңиш майрамын утурлай Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Аспек Жумашевдин үйүнө барып, кабар алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Төрага ардагерди Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктап: «Сиздер кан күйгөн согушта каармандык көрсөтүп, көп улуттуу Совет мамлекетинин бүтүндүгү жана тынчтыгы үчүн күрөшкөнсүздөр. Айрыкча мекен үчүн жасаган согуш талаасындагы эрдиктериңер эбегейсиз. Андыктан сиздердей ардагерлерибизге азыркы муун жана келечек урпактар да карыздар»,- деди.

Муну менен катар кылым жашаган аксакалга дөөлөттүү карылык, бекем ден соолук тилегин төрага ала барган белектерин тапшырып, батасын алды.

Ал эми ардагер Аспек Жумашев: «Эгемен мамлекетибизди эмгек менен гана өнүктүрө алабыз. Ошондуктан жаштар Кыргызстан үчүн талыкпай кызмат кылып, элдин эртеңи үчүн эмгектенгиле. Биздин башыбыздан өткөн алаамат кайрадан кайталанбасын. Тынчтык менен бакубат турмуштун баркын билгиле»,- деди.

Белгилей кетсек, Аспек Жумашев 18 жаш курагында Кызыл Армиянын катарына чакырылып, ар кайсы фронттордо күжүрмөндүк менен душмандарга каршы күрөшкөн. Көрсөткөн эрдиги үчүн Ата Мекендик согуштун II даражадагы ордени баштаган жогорку даражадагы сыйлыктарга татыган. Үч уул, беш кызды тарбиялап өстүргөн аксакал азыркы тапта 21 неберенин, 22 чөбөрөнүн кадырлуу чоң атасы.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

643