7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Төрага Шакиев мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кичи автобус белекке берди

554

Бүгүн, 30-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Ичке-Суу (Маловодное) айылында жайгашкан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жана балдарды реабилитациялоо борборуна барды.

Мекеменин жалпы ишмердүүлүгү жана андагы түзүлгөн шарттар менен таанышкан төрага, “Биз бири-бирибизди колдогондо гана ийгиликке жете алабыз. Айрыкча калктын аярлуу катмарынын, анын ичинде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыздын муктаждыктарын камсыздоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп эсептелет”,– деди.

Белгилей кетсек, Нурланбек Шакиев буга чейин да Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүнүн алкагында аталган мекемеге барып, жамааттын көйгөйлөрүн уккан. Андагы жолугушууда олуттуу маселе катары унаага муктаждык бар экени айтылган. Ага ылайык, төрага резервдик фондунан каражат бөлүп, бүгүн реабилитациялык борборго Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү кичи автобусту тапшырды. Ошондой эле балдарга майрамдык белектер берилди.

“Тартууланган унаа балдардын саламаттыгын чыңдоого кызмат кылып, жакшылыктарга айдалсын”, – деген Төрага бардык бийлик бутактары, анын ичинен Жогорку Кеңеш ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды ар тараптуу колдоо багытындагы алгылыктуу аракеттерди тынымсыз улантаарын, өзү да бул мекемеге байма-бай келип турарын кошумчалады.

Өз кезегинде мекеменин жетекчиси авто унаага болгон муктаждыкты кыска аралыкта чечип бергендиги үчүн Төрага Нурланбек Шакиевге ыраазычылыгын билдирип, унаанын реабилитациялык борбор үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Эскерте кетсек, мекеме 2014-жылы түзүлгөн. Бул жерде 4 жаштан 18 жашка чейинки сексенге жакын бала тарбияланууда. Аларга медициналык, педогогикалык жана психологиялык жардамдар туруктуу көрсөтүлүп турат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

555