Жоламан Шаршенбеков 2022-жылдын жыйынтыгы менен “Жылдын мыкты балбаны” наамына татыды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында жарыяланды.
Шаршенбеков Азия чемпионатында жана Ислам оюндарында алтын медаль, эл аралык Wladyslaw Pytlasinski Cup турниринде күмүш медаль жана рейтингддик Turlykhanov Cup, эл аралык Dan Kolov — Nikola Petrov Tournament мелдешинде коло байгеге ээ болгон.
Жыйынтыгында жалпы 55 миң упай менен дүйнөлүк күрөш уюмунун рейтингинде 60 кг салмак категориядагылар арасында 1-орунга чыккан.
Белгилей кетсек, Жоламан менен Акжол 2022-жылдын жыйынтыгы менен «Тарых жаратуучу» наамына татыган.