7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Төрага Шакиев Түркиянын парламентинин ишмердүүлүгү менен таанышты

565

Кечээ, 22-ноябрда Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Мустафа Шентоптун коштоосунда Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Ошондой эле 2016-жылдын 15-июлундагы мамлекеттик тѳңкѳрүш аракети боюнча маалымат алышты.

Муну менен катар төрага Нурланбек Шакиев Мустафа Шентоп менен бирге ошол окуяга арналып тургузулган эстеликке гүл коюп, курмандыктарды эскеришти. 

Белгилей кетсек, төрага Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Түркия Республикасынын Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоптун чакыруусу менен Анкара шаарына расмий иш сапары менен барган. Делегациянын курамында Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев, депутаттар Алишер Козуев, Акылбек Түмөнбаев, Улан Примов, Мурадил Сыдыков, Русланбек Жакышов, Айбек Маткеримов, Гүлкан Молдобекова, Ырысбек Атажанов, Динара Ашимова, Улан Бакасов, Эльдар Сулайманов бар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

566