Баткен шаарынын тарыхында биринчи жолу 6 автобус келди. Бул тууралуу президенттин облустагы башчысы Абдикарим Алимбаев социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү.
«Бүгүн, Баткен шаарыбызда жакшы саамалык болду. Баткен шаарынын тарыхында биринчи жолу 6 автобус шаарыбызга келди. Бул автобустар Айыл банк тарабынан 6 жылдык мөөнөттө лизинг аркылуу алынып келинди. Буюрса шаар калкын тейлөөгө жумшалат. Ал эми келген автобустарды туура иштетсек, өзүнөн түшкөн акчанын эсебинен 6 жылда өзүн-өзү каржылоого болот. Мындан сырткары баарыңыздарга маалым болгондой Дүйнөлүк банк тарабынан да Баткен облусуна 50 млн доллар каражаты бөлүнгөн. Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган долбоордун алкагында бөлүнгөн бул каражаттын эсебинен Баткен, Кадамжай жана Раззаков шаарларын өнүктүрүү жагы да каралган. Анын ичинде Баткен шаарындагы Манас комплекси жана шаардагы эс алуучу эки парк да оңдолот. Буюрса, декабрь айынын башында жумуш башталып, шаар тургундары үчүн жакшы шарттар түзүлүп, Баткен шаары өнүгүү жолуна түшөт деген ишеничтемин»,-деген ал.