7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Төрага Шакиев ТүркПАнын башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эрди кабыл алды

390

Бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Түрк мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эрди кабыл алды.

Жолугушууда ТүркПАнын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер талкууланып, ассамблея алкагында парламенттер аралык алаканы арттыруу тууралуу сөз болду.

Төрага Шакиев быйыл Чолпон-Ата шаарында ТүркПАнын Кеңешинин жыйыны жана XI пленардык отуруму ийгиликтүү өткөнүн эске салып: “Анда кабыл алынган бардык чечимдер аткарылышы керек. Айрыкча, 2023-2028-жылдарга мерчемделген иш-чаралардын планын ишке ашырууга өзгөчө көңүл буруу кажет. Мында ТүркПАнын салымы чоң экени анык”, – деди. Муну менен катар Кыргызстан көптөгөн парламенттер аралык уюмдарга мүчөлүк кыларын белгилеген Төрага: “Алардын ичинен ТүркПА алкагындагы кызматташтык өзгөчө орунга ээ. Боордош мамлекеттердин байланышын бекемдөөгө багытталган ассамблеянын ишмердүүлүгүн дайыма колдойбуз”, – деп кошумчалады. Өз кезегинде Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр Кыргызстан Түрк мамлекеттеринин уюмун түптөөчүлөрдүн бири экенине токтолуп, өзү жетектеген Парламенттик ассамблея да бир тууган элдердин кызматташтыгын арттыруу максатын көздөөрүн кошумчалады. Ага ылайык, катчылык тарабынан жасалып жаткан иштер тууралуу учкай маалымат берип, башка парламенттик уюмдар менен да жигердүү иш алып барып жатканын белгиледи.

Андан тышкары, жолугушууда алдыда пландалган иш-чаралар тууралуу да сөз болуп, анын ичинен ассамблеянын тармактык комиссияларынын отурумдарын уюштуруу маселеси көтөрүлдү. Тагыраагы, кийинки жылы ТүркПАнын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын отуруму Кыргызстанда өтөөрү айтылды.

Эскерте кетсек, кезек боюнча Түрк мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын учурдагы Төрагасы Нурланбек Шакиев эсептелет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

391