Дархан Кыдырали академия 2022-жылды кыргыз окумуштуу-агартуучусу Ишеналы Арабаевдин урматына жарыялоону пландап жатат. Бул тууралуу Эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали президент Садыр Жапаров менен жолуккан кезде билдирген.
Маалыматка ылайык, президент Жапаров Дархан Кыдыралини 21-декабрда кабыл алган.
Ал кыргыздын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына карата Эл аралык Түрк академиясы тарабынан үстүбүздөгү жыл — Жусуп Абдрахмановдун жылы деп жарыяланганын маалымдады.
Белгилей кетсек, академия келерки 2022-жылды кыргыз окумуштуу-агартуучусу Ишеналы Арабаевдин урматына жарыялоону пландап жатат, — деген Дархан Кыдырали.