7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркия-Кыргызстан: Салык системасы боюнча бизнес-жолугушуу өттү

367

5-февралда Бишкектеги “Шератон” мейманканасында Түркия элчилигинин Соода өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен TUKID – “Түркия-Кыргызстан” Ишкерлер, маданият, ынтымак жана достук ассоциациясынын “Кыргызстандын салык системасы: саясат жана практика” деген аталыштагы бизнес-жолугушуусу өттү.

Иш-чарага Түркиянын элчиси Ахмет Садык Доган, Кыргызстандын Экономика министрлиги менен Салык кызматынын өкүлдөрү, ошондой эле, Ассоциация мүчөлөрү менен түркиялык ири жана орто бизнестин өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө салык мыйзамдары жана аларды колдонуу менен байланышкан маселелер талкууланып, ишкерлер мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө кызыккан суроолорун берип, өз сунуштарын айтууга мүмкүнчүлүк алды.

“Түркия-Кыргызстан” Ишкерлер, маданият, ынтымак жана достук ассоциациясы 2020-жылдын 2-декабрында Түркия элчилигинин колдоосу менен түзүлгөн. Ага Кыргызстанда экономиканын ар башка тармагында иш алып барган кыргыз жана түрк ишкерлери кирет. Мүчөлөрдүн жалпы саны 60, алар – ири жана орто бизнестин өкүлдөрү. Ассоциацияга кошулгандардын саны өсүүдө.

368