7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркия Кыргызстандын 58,8 миллион доллар карызын кечти

220

Президент Садыр Жапаров буга чейин Кыргызстанга карыз берген эл аралык каржы институттарына, өнөктөш мамлекеттерге кайрылып, тышкы карызды төлөөнүн ордуна «жашыл» долбоорлорду ишке ашыруу сунушу менен чыккан. Мамлекет башчы карыздын бир бөлүгүн Кыргызстан ГЭС курууга жумшаса болорун белгилеген.

“Бизде даяр инвестициялык долбоорлор бар. Чакан ГЭСтерден баштап, 1000 МВт чейинки кубаттуулуктагы ГЭСтерди курсак болот, створлору даяр. Өлкөдөгү энергетикалык объектилерди жана ГЭСтерди курууга Кыргызстан карыз болгон өлкөлөр жана каржы институттары катыша алмак. Биз биргелешип Кыргызстанда жашыл долбоорлорду ишке ашырабыз, анын ордуна тышкы карыздар кечирилсе жакшы болмок деп ойлойбуз. Жашыл экономика багытында курулган бул объектилердин кызыл тасмасын донор өлкөлөр менен чогуу кесмекпиз. Биз, бардыгыбыз балдарыбыз экологиясы таза, бай өлкөдө жашашын каалайбыз”, — деп өнөктөш өлкөлөргө жана эл аралык каржы институттарына кайрылуу жолдогон болчу.

Садыр Жапаровдун бул демилгесин Түркия мамлекетинин президенти Режеп Тайип Эрдоган колдоого алып, Кыргызстандын Түркия мамлекетине болгон 58,8 миллион доллар карызын кечти.

Түркияга болгон карыз 2012-2015-жылдар аралыгындагы социалдык-экономикалык долбоорлорду колдоого деп алынган.

 

 

221