7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркия жылдын биринчи жарымында 25,8 миллион турист кабыл алды

130

Түркия 2026-жылдын биринчи жарымында 25,8 миллион чет элдик туристти кабыл алды. Бул тууралуу өлкөнүн Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой Стамбулдагы маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, январь-июнь айларында туризмден түшкөн киреше 25,8 миллиард долларды түзүп, былтыркы деңгээлде сакталды. 2025-жылдын ушул мезгилинде Түркияга 26,4 миллион турист келген.

 

 

Министрдин белгилешинче, Жакынкы Чыгыштагы чыңалуу жана аймактын аба мейкиндигинин жабылышы туристтик суроо-талапка таасирин тийгизген. Ошол эле учурда жылдын экинчи жарымындагы көрсөткүчтөрдүн жакшырышы күтүлүүдө.

Туристтердин өлкөдө орточо болуу мөөнөтү 0,5 пайызга өсүп, 10,01 түнгө жеткен. Бир түнгө орточо чыгым 2,6 пайызга көбөйүп, 109 долларды түздү.

131