7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркияда дарыланып жаткандардын абалы кандай?

604

Бишкек Жылуулук электр борборундагы авариянын жана аскердик тик учактын кыйрашынын кесепетинен жабыркап, Түркияда тиешелүү дарылануудан өтүп жаткан Кыргызстандын жарандарынын абалы туруктуу. Бул тууралуу ТИМден билдирди.

Түрк дарыгерлеринин маалыматы боюнча, күйүк алган эки бейтап айыгуу стадиясында. Жакынкы күндөрү пластикалык операциядан кийин аларды реанимациядан жалпы палатага которуу пландалууда.

Тик учактын кулашынан жабыркаган Кыргызстандын эки жараны пландуу операциялардан кийин травматология бөлүмүндө жатышат. Дарыгерлер алардын абалын жакшыртуу үчүн тиешелүү дарылоону жүргүзүп жатышат.

Кыргызстандын Анталья шаарындагы Башкы консулдугу жабыркагандардын туугандары жана дарыгерлер менен дайыма байланышта болуп, бардык зарыл жардамдарды көрсөтүүнү улантууда.

Бул маселе министрликтин жана Кыргызстандын тийиштүү мамлекеттик органдарынын өзгөчө көзөмөлүндө турат.

605