7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркияда кармалган мугалим Азамат Нурматов Кыргызстанга кайтты

217
Түркияда мындан бир нече ай мурда кармалган мугалим Азамат Нурматов Кыргызстанга кайтты.
ТИМ ага карата колдонулган бөгөт коюу чарасы өзгөртүлгөндүгүн жана 10-декабрда Стамбулдагы Башкы консулдуктун кызматкерлеринин коштоосунда мекенине келгенин билдиришти.
«Бул иш боюнча соттук териштирүүлөр улантылууда. Стамбул аэропортунда чек ара жана миграциялык жол-жоболордон өтүү учурунда Азамат Нурматовго байланыштуу келип чыккан маселелер дипломатиялык өкүлдөрдүн көмөгү менен жөнгө салынган», — дешти министрликтен.
Эске салсак, 2025-жылдын 19-апрелинде «Маариф» фондуна караштуу (мурдагы «Себат», кийин «Сапат» деп аталган лицейлер тармагы) Кусейин Карасаев атындагы лицейдин математика мугалими, 33 жаштагы Азамат Нурмат уулу Стамбул эл аралык аба майданында кармалган.  Бул окуя ал Кыргызстандан окуучуларын математика боюнча эл аралык олимпиадага алып кирип бара жатканда болгон.
ТИМ мурдараак түшүндүрмө берген. Ага таянсак, Түркияда 2016-2017-жылдары аскердик төңкөрүш болгон маалда Нурматов жатаканада жашап, ошол кезде көбүнчө Фетхуллах Гүлендин колдоочулары пайдаланган уюлдук тиркемени пайдаланып, түрк тарап ага ошонун негизинде издөө жарыялаганын айткан.
218