Түркиянда көчмөндөр оюндарына тигилди деп социалдык тармактарда талкууланып жаткан боз үй Көчмөндөр оюндарына тиешеси жок. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Аталган боз үй Түркиянын Бурса шаарындагы «Меринос» сейил багында өткөн «Манас жумалыгына карата карата Түркиянын Чубук кыргыздары тарабынан тигилген боз үй болуп саналат жана «Манас жумалыгынын» жумушчу тобу үчүн гана тигилген.
Ал эми, төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркиянын Изник шаарында өтүп жатат жана тигилген боз үйлөрдү төмөндөгү сүрөт тастыктайт.