7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркияда тик учак кырсыгынан каза тапкан кыргызстандыктардын сөөгү өлкөгө алып келинди

549

Түркияда тик учак кырсыгынан каза тапкан эки жарандын сөөгү Кыргызстанга жеткирилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«2023-жылдын 20-сентябрында каза болгондордун сөөгү Кыргызстанга жеткирилип, туугандарына өткөрүлүп берилди», — деп берилет маалыматта.

Эскерте кетсек,Түркиянын Мендерес аймагында (Измирге жакын жергесинде) токой өртүн өчүрүүгө катышкан тик учак кырсыкка учурап, Тахтали дамбасына кулап түшкөн. Кырсык 16-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:53тө катталган.

Түркиянын Айыл жана токой чарба министрлигинин маалыматы боюнча, тик учактын ичинде төрт экипаж болгон, алардын үчөө Кыргызстандын жараны. Алардын экөө каза болуп, бирөө ооруканага түшкөн.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

550