Кыргызстандык Чолпонай Түркиянын Адана шаарында жашайт. Ал Түркияда бул убакытка чейин эки баласы менен жашап, эмгектенип келген. Зилзала учурунда кандай абалда калганын айтып, кыргыз элине ыраазычылыгын билдирди.
Чолпонай жер титирөөдөн кийинки күндөрү мектептерде жашап жүрүшкөн. Андан соң, кыргыз жарандары ага жардам берип, Анталиядагы кыргыз консулу чалып, Анталия шаарына эвакуацияланган. Эки баласы менен кыргыз боордоштордун үйүнө жайгаштырылган. Кыргыз элине өзүнүн ыраазычылыгын билдирип, “өзүбүздүн элден айланса болот экен, колунан келген жардамын беришти”,-деди ал.
Ал бүгүн 16-февралда, түнү Кыргызстанга балдары менен учуп келээрин кошумчалады.
Посмотреть эту публикацию в Instagram