7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркиядагы террактта 5 адам каза таап, 20дан ашыгы жаракат алды

378

Түркиядагы террактта 5 адам каза таап, 20дан ашыгы жаракат алды. Анадолу маалымат агенттиги кабарлагандай, Кахраманказан районундагы түрк аэрокосмостук компаниясынын объектисиндеги жардыруудан жаракат алган 22 адамдын абалы оор.

Түркиянын ички иштер министри Али Йерликая жардырууга террористтик уюмдардын тиешеси бар экендигин, кол салгандардын ичинен эки террорист жок кылынганын айтты. Ошондой эле Йерликая алардын бирөөсү аял болгонун белгиледи.

Ал арада Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган теракт өлкөнүн туруктуулугуна доо кетирүүгө багытталгандыгын билдирип, кандай гана террористтер болбосун аларга карата чечкиндүү жана көп пландуу күрөш улантыларын соцтармактагы баракчасы аркылуу баса белгиледи.

Терракттан кийин Анкаранын башкы прокуратурасы тарабынан иликтөө башталгандыгын Түркиянын юстиция министри Йылмаз Тунч маалымдады.

379