7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркиядагы жер титирөө. Кыргызстандан 63 куткаруучу жөнөдү

715

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бүгүн, 6-февралда жер титрөө катталган Түркия Республикасына кыргызстандык куткаруучулар жардамга жөнөтүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча эл аралык келишимдердин негизинде урандылардын астында калган адамдарды издөөгө жана куткарууга, тазалоого Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 63 куткаруучу Түркия мамлекетине кетти.

«Куткаруучулар 20 күнгө жетерлик тамак-аш азыктарын, издөө, куткаруу иштерине тиешелүү шаймандарын өздөрү менен алып кетишет. Мындан сырткары урандылардын астынан жабыр тарткан адамдарды издөөгө ӨКМге караштуу Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун машыктырылган 2 ити тартылмакчы», -деп берилет билдирүүдө.

Жардам берүүгө чыккан курамда куткаруучулар, врач, фельдшерлер, психологдор, кинолог бар.

Белгилей кетсек, жакынкы арада Түркия Республикасына гуманитардык жардам да жөнөтүлөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

716