7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркиядагы зилзала. Эрдоган ӨКМдин лейтенанты менен элчиге сыйлык берди

470

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган куткаруучуларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

25-апрелде Түркиянын Анкара шаарындагы президенттик сарайда Түркиянын түштүк-чыгышында үстүбүздөгү жылдын 6-февралында болгон жер титирөөлөрдөн улам куткаруу иштеринде жана кырсыктын кесепеттерин жоюуда олуттуу жардам көрсөткөн чет өлкөлүк издөө-куткаруу топторуна жана дипломаттарга Мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү.

Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин улук лейтенанты Темирлан Жумамүдүновго Түркия Республикасынын «Адамдарды куткаруудагы эрдиги жана жан аябастыгы үчүн» жогорку даражадагы Мамлекеттик медалын ошондой эле Кыргызстандын Түркиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакпаевге Ардак грамота тапшырды. Сыйлоо аземине КР Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана министрдин биринчи орун басары Азамат Мамбетов катышты.

Белгилей кетсек, кыргызстандык куткаруучулар Түркиянын Кахранманмараш жана Хатай шаарларында издөө-куткаруу иштерин ийгиликтүү жүргүзүп, натыйжада урандылардын арасынан 8 адам куткарылып, каза болгон 198 адамдын сөөгү чыгарылган.

Мындан тышкары, Кыргызстан жабыркагандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүү үчүн талаа ооруканасын, ошондой эле Кахранманмараш шаарында боз үй шаарчасын тапшырган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

471