7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Түркиядан 30 дарыгер келди» Бишкекте кыргыз-түрк достук ооруканасы ачылды

1874

Кыргыз-түрк ооруканасы жогорку деңгээлде болот. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

“Ооруканада жогорку технологиялуу операциялар жана дарылоолор жүргүзүлөт, бул дарылануу үчүн чет өлкөгө кетип жаткан жарандарыбыздын санын азайтат”,-деди ал.

Мындан тышкары, министр Бейшеналиев келишимдин алкагында Түркиядан жогорку деңгээлдеги 30 дарыгер (21 эркек жана 9 аял) Кыргызстанга жиберилгенин белгиледи.

“Ошондой эле жакын арада Түркиядан дагы 30 дарыгердин келүүсү пландалууда”,-деп кошумчалады министр.

Эскерте кетсек, Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достук ооруканасында Кыргызстандын жарандарына, чет өлкөлүк жана жарандыгы жок бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн 72 орун даярдалган, анын ичинде 21и жандандыруу бөлүмүндө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1875