Ырчы, актриса Толгонай Арзыкеева Мирбек Атабековдун кайын иниси Нурсултан Төлепбергенге турмушка чыкты. Бул тууралуу жаш жубайлар Instagram баракчаларына бөлүшүштү.
Кечээ, 25-августта кудалар жана жаштар чогулушуп кыргыздын салты менен Толгонай Арзыкеева сөйкө салышты. Ошондой эле эки жаш бири-бирине нике шакектерин тагышып, ал тургай нике күбөлүктүү дагы болушту.
Тойго Толгонай менен Нурсултандын чоң ата, чоң энелери дагы келишип, Атабековдун шаңдуу ырына бийге түшүшкөн.
Тойду жыйынтыктоодо, эки жаш ата-энелерине ыраазычылык билдиришип, көздөрүнө жаш алышты.
Эске салсак, Толгонай Арзыкеева менен Нурсултан Төлепберген көп жылдан бери кыз-жигит мамилесин ачык жарыялап келишкен. Бирок Нурсултан Америкада билим алгандыгына байланыштуу көп убакыты чет жерде өткөн. Буга карата Толгонай: «Ушундай жадыраган жаштыгымды жалгыз өткөрүп жатканыма өкүнөм», — деп айтканы да бар. Ал эми Нурсултан июль айында келип, Толгонай тамактанып отурган жерине гүл менен кирип келип, таң калтырган.