7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Гүлшайыр Садыбакасова: 25-август — жүрөгүм жанчылып, Эркинтайыман айрылган күн…

1897

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова уулу Эркин Садыбакасовду эскерди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына эскерип жазды.

Анын айтымында, 25-августта Эркиндин каза болгонуна бир жыл болду.

«25-август, 2020-жыл. Өмүрүмө бүлүк салып, өзөгүмө өрттү жагып, көөдөнүмө күйүт чачып, жашоомо кайгы-мүң салган каргашалуу күн. 25-август. Жүрөгүм канга, жүлүнүм муңга толуп, сай-сөөгүм сыздап, кара жерди муштап, кан жутуп баламдан айрылган каргашалуу күн. 25-август көз жашым дайра болуп агылып, көкүрөгүм кетменделип чабылып, корообуз өкүрүк менен айкырыкка толуп, каралдымдан, Эркинтайымдан айрылган күн.

25-август… Экошум, сен бизди таштап кеткениңе бүгүн толук бир жыл болду. Жакындарың, баарыбыз чогулуп, сени эстеп, сени сагынып, сенин кыял-жоругуңду эскерип, эң жакшы бала болгонуңа ынанып, ыраазы болуп отурабыз. Эколям, сага багыштап окуган дубаларыбыз, кураныбыз сенин мамыгың болсун. Рухуңа ар дайым көлөкөсүн чачып турган чынар болсун. Кабырыңды нурлантып турган нурай болсун. Аллахым сага бейиштен орун берип, сахабалардын перзенттеринин катарында ойноп-күлүп жүрүшүңдү насип кылсын. Сен биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө жашайсың алтын балам», — деп эскерди Гүлшайыр Садыбакасова.

Эске салсак, өткөн жылы Гүлшайыр Садыбакасованын уулу Эркин Садыбакасов 18 жашында мезгилсиз дүйнө салган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1898