7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркияга барган Ливиянын Башкы штабынын башчысынын учагы жерге кулады

337

Ливиянын Башкы штабынын башчысы Мохаммед аль-Хаддаддын бизнесучагы 23-декабрда кечинде Анкаранын жанында жерге кулап түштү. Бул тууралуу Түркиянын ички иштер министри Али Ерликая жарыялап, Ливия бийлиги аскер башчысы каза болгонун тастыктады.

«Анкарадагы «Эсенбога» аэропортунан Триполиге учкан учактын сыныктары Хаймана районундагы Кесиккавак айылы тараптан табылды», — деп билдирди Ерликая.

«Falcon 50» учагы менен байланыш болжол менен 40 мүнөттөн кийин үзүлдү, деп кошумчалады Ерликая.

Учакта дагы 4 жүргүнчү болгон. Генералды анын кеңешчиси Мохамед Аль-Асави Диаб, кургактагы аба күчтөрүнүн штабынын башчысы. генерал-лейтенант АльФайтури Гариб, генерал Махмуд Аль-Кативи жана Башкы штабдын башчысынын сүрөтчүсү Мохамед Омар Ахмед Махджуб коштоп жүрүшкөн.

Ливиянын премьер-министри Абдель Хамид Дбейба ливиялык делегация Анкарага болгон расмий сапардан кайтып бара жатканда кайгылуу кырсык болгонун билдирди.

Анкаранын Башкы прокуратурасы авиациялык кырсык боюнча иликтөө иштерин баштады.

338