7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркиялыктарга мыйзамсыз жарандык берген Атамбаев менен Ниязовго кылмыш иши козголду

2055

Түркиялыктарга мыйзамсыз жарандык берген Атамбаев менен Ниязовго кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан 2016-жылы Кыргыз Республикасынын паспортун мыйзамсыз берүү фактысы боюнча КР Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») боюнча сотко чейинки өндүрүш иликтенип жатат.

Маалыматка караганда, тергөөнүн жүрүшүндө 2016-жылы Фарид Ниязов жетектеген КРнын президентине караштуу жарандык маселелер боюнча комиссиясынын төрагалыгы астында он түрк жаранын Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу боюнча мыйзамсыз чечим кабыл алынып, ошол эле жылы КРнын ошол учурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Түркиянын он жаранына КРнын жарандык паспорту берилгени аныкталды.

Азыркы учурда тергөө иштери жана аталган ишке катыштыгы барларды аныктоо боюнча сотко чейинки өндүрүштун алкагында ыкчам иш-чаралар уланууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2056