7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
13°C

Түркиянын эң кооз суу маршруттары

247

Түркия кооз булуңдары, деңиздери, суу астындагы бай фаунасы жана флорасы менен суу спорту ышкыбоздорун өзүнө тартат. Түркиянын 8500 чакырымды түзгөн деңиз жээктеринде бүтүндөй бир тарых жатат. Сууда сүзүүгө кызыккандар суу астындагы археология жана жаратылышка байланыштуу кызыктуу кубулуштарга күбө болушат. Суу түбүндө калган байыркынын издерин көрөт, таанышат, маалымат алышат. Ошондой эле Эгей жана Жер Ортолук деңизинин уникалдуу ашканасынан даам сызып, жүзүм бактарын аралап эс алып кетсеңиз болот.

ЧАНАККАЛЕ: СУУ АСТЫНДАГЫ ЭПИКАЛЫК ДҮЙНӨ

Дүйнөнүн эң маанилүү суу маршруттарынын бири болгон Галлиполи суу асты паркы, Чанаккале согушунун издерин суу астынан көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Узундугу 150 чакырымды түзгөн суу асты паркынын 14 жеринен сууга түшүүгө болот. Муну менен катар дүйнө боюнча өзгөчө коргоого алынган, бүгүнкү күнгө чейин жакшы сакталып келе жаткан Лайтер, Арыбурну Барч, Хеллес Барч, Бон Барч, ХМС Луи, Лунди, Хмс Мажестик, Массена кемелери менен бир кылымдык тарыхты кыдырып, көрүп чыга аласыз. Бул кемелердин арасында Лунди жана HMS Маджестик бронетранспорттук кемелери да бар. Чанаккалеге келгенде Сарос булуңун да унутуп калбаңыз. Сарос кысыгында суунун күчтүү агымы менен өзүн-өзү тазалап турган Эгей деңизи бар. Ошондой эле бул булуңда 200дөн ашуун деңиз жандыктары жашайт.

ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине кирген Троя Байыркы шаарын жана Европанын музейология тармагындагы эң престиждүү сыйлыктардын ээси Троя музейин зыярат кылуу менен Чанаккалеге болгон саякатыңызда дагы да байытсаңыз болот. Ошондой эле Чанаккале жээгиндеги кызыктуу эки арал Бозжаада жана Гөкчеаданы да зыярат кылып, зайтун майы менен бышырылган аймактын тамактарынан ооз тийип, оригиналдуу шараптарынан даамын татып кетиңиз.

СУУГА ТҮШҮҮ БОЮНЧА ТОП ОНДУККА КИРГЕН КАШ

Түрк Ривьерасынын бермети болгон Антальяга барып калсаңыз, Түркиянын эң популярдуу сууга түшүү жерлерине туш болосуз. Аймакта түстүү суу астындагы фаунасы менен өзгөчөлөнүп турган сууга түшүүчү 15 жер бар. Алардын ичинен Каш аймагы суу астындагы рифтери, таштак жерлери жана кыйраган кемелери менен эндемикалык түрлөрдү байкоо үчүн суучулдардын уникалдуу шарттарды түзүп берген локациялардын бири болуп саналат.

Аймактын эң өзгөчө суу маршруттарын бири болгон Каш бир гана Түркияда эмес, дүйнөнүн эң мыкты 10 сууга түшүү жерлеринин катарына кирет. Каштын атактуу дайвинг борбору болсо — бул Каньон. Каньондо балыктар менен атаандашып суунун сырдуу дүйнөсүн изилдөө — өзгөчө ырахат тартуулайт. Каньондун дагы бир өзгөчөлүгү — бул сизди тереңдикте тосуп алган Димитри Wreck. Каштын дагы бир классиги “Учуучу балык” болуп саналат. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда атып түшүрүлгөн Savoia-Marchetti SM79 үлгүсүндөгү италиялык бомбалоочу учактын сыныгын да да ушул жерден көрө аласыз. Анталиянын сууларына чумкугандан кийин, Кария жана Ликия цивилизацияларынын мекени болгон сансыз байыркы шаарларды зыярат кылып, белгилүү треккинг жолдору менен да тааныша аласыз. Жолдо баратып Caretta Caretta таш бакаларын байкай аласыз. Жер Ортолук деңизинин ашканасы да сонун. Эң мыкты деңиз тамактары да дал ушул жерлерде жасалат. Каштан тышкары Калкан, Кемер жана Аланияда жабдылган дайвинг кайыктары менен суу астында сакталып калган байыркы дүйнөгө саякаттай аласыз.

ТҮРКИЯНЫН СУУ АСТЫ БАЙЛЫГЫ КАТЫЛГАН БОДРУМ

Түркиянын суу астындагы байлыгын көрөм десеңиз анда Түркэгейдеги эң маанилүү маршруттардын бири болгон Бодрумга келиңиз. Бул жарым аралдын тунук сууларында көптөгөн жандыктар, анын ичинде балыктар, осьминогдор, балырлар, чычырканактар жана деңиз губкалары жашайт. Аймакта ошондой эле байыркы мезгилге таандык кемелер жана сууга түшөтурган 20 блок бар. Бодрумдун эң популярдуу сууга түшүү жерлеринин бири – бул Чоң жана Кичи рифтер. Бул жерде кайсы мезгил болбосун жылуу сууга чумкуй аласыз. Баарынан суу жаныбарлары жашаган чакан риф коноктордун көңүлүн өзүнө тартып турат.

Бодрумдагы дагы бир эң сонун дайвингдер -бул Орак аралы жана Деликли үңкүрү. Түркиядагы Бодрумдун суу асты музейине суу астындагы табылгалар көргөзмөгө коюлган. Бул музейди зыярат кылуу, суу асты туризмин сүйүүчүлөргө башка бир дүйнөнү, тарыхты ачып берет. Бодрумдун өзгөчөлөгү муну менен гана чектелбейт. Байыркы калаа байыркы ашканасы менен да таанымал. «Дүйнөнүн жети кереметинин» бири катары саналган Мавзолдун күмбөзүнүн калдыктары да Бодрумда жайгашкан. Бул жерден сиз көптөгөн археологиялык ачылыштарды жасай аласыз.

СУУ АСТЫ БЕЙИШИ БОЛГОН ФЕТХИЕ

Уникалдуу айылдары, сыйлыкка татыктуу пляждары жана көз жоосун алган табияты менен өзгөчөлөнгөн Фетхиеде сууга түшөтурган эң мыкты локациялар да бар. Алардын бири — бул Аквариум булуңу. Суу астындагы жашоонун ар түрдүүлүгү менен белгилүү болгон Аквариум булуңунда, көк тереңдиктерин мекендеген жандыктарга суктансаңыз болот.

Фетхиедеги дагы бир популярдуу сууга түшүү жер — бул Афкуле. Афкуле деңиз кораллдары, сырдуу туннелдери жана тереңдеги менен баарына кызык. Бул локацияда көптөгөн жер асты үңкүрлөрү, балыктарды ар кандай түрлөрү жана деңиз өсүмдүктөрү бар. Афкулеге суучулдар өтө көп барышат. Фетхиеде суунун астын изилдеген авантюристтер укмуштуудай пляждары менен атактуу Өлүденизди жана 80ден ашык көпөлөктөр жашаган Көпөлөк өрөөнүн көрүп, аймактын өзгөчө даамдарынан ооз тийип кетишет. Бул аймакта Caretta Caretta таш бакаларын көп байкоого болот.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

248