7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган ТИМге чакырылды

928

Тышкы иштер министрлиги Түркиянын элчиси Ахмет Садык Доган министрликке чакыртылганын тастыктады. Ал Орхан Инандынын маселеси боюнча чакырылган.

5-июлда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган бир айдан ашык убакыттан бери дайыны чыкпай жаткан «Сапат» билим берүү мекемелеринин башчысы Орхан Инанды Түркияга жеткирилгенин жарыялады.

Түрк президенти Инандыны «ФЕТОнун Борбор Азия боюнча башкы жооптуу өкүлү» деп атады жана аны алып келүү чалгынчылардын «сабырдуу иш-аракеттеринин негизинде» ишке ашканын билдирген.

Бишкекте иштеп, Кыргызстандын жарандыгын алган теги түркиялык Инанды 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз болчу. Тарапкерлери анын табылышын талап кылып, бир нече ирет акцияга чыгышкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

929