Бишкекте карылар үйүндө жашагандар менен иштегендердин 80 пайызы коронавируска каршы эмделди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Азыр ал жайдагылар карантинге жабылган.
«145 жашоочу жана 46 кызматкерге вакцина сайылган. 4 изолятор-койка ачылып, кызматкерлер график менен чыгып, аралыктан иштөөгө өткөн. Зарыл болгон санда жасалма дем алдыруучу аппараттар, медициналык бет каптар, кол каптар, антисептик, коргоочу кийимдер, пульсоксиметрлер жана тепловизорлор алынган», — деп айтылат маалыматта.
«Шаарда өздөрү билбей, бирок инфекцияны алып жүргөндөр көп. Алар айланасындагыларды оорутуп жатат. Жоопкерчиликтүү болуп өзүңөрдү жана жакындарыңарды сактагыла», — деп эскертишти мэриядан.
Белгилей кетсек, санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери имараттын ичинде дезинфекциялык иштерди жүргүзгөн.