Тажикстандын кол салуусу учурунда курман болгондордун 27 үй-бүлөсү 1 млн сомдон кенемте алышты. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйындын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев билдирди.
Маалыматка ылайык компенсация үчүн 51 миллион 556 миң сом бөлүү чечими кабыл алынган.
«Бүгүнкү күндө курман болгондордун 27 үй-бүлөсү 1 млн сомдон алышты. Кенемде алуунун өзүнчө атайын жол-жоболору бар. Калган үй-бүлөлөр да процедуранын жүрүшүндө кенемте алышат», — дейт Жунушалиев.
Ошондой эле чыр-чатактан жабыркаган 67 адам жараатынын деңгээлине жараша 50 миңден 100 миң сомго чейин компенсация алышкандыгын кошумчалады.
Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.
Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 190 кыргызстандык жабыркап, 36 адам набыт болгон.