7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркиянын президенти окуусун ийгиликтүү аяктагын Адилет Акынали уулуна диплом тапшырды

513

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган милициянын лейтенанты Адилет Акынали уулуна окуусун ийгиликтүү аяктагыны тууралуу диплом менен сертификат тапшырды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Түркиянын ИИМдин Анкара шаарындагы Полиция Академиясынын базасындагы Полициянын жетекчилерин даярдоо борборунда Магистратура программасында Кыргызстандын атынан барган милиция кызматкери милициянын лейтенанты Адилет Акынали уулу билим алып жаткан. 2021-2022-окуу жылдында ‘‘Коопсуздук стратегиялары жана башкаруу” бөлүмүндө билим алуу менен бирге “Жетекчилчилерди баштапкы окутуу жана даярдоо” курсунда үлгүлүү жүрүм-туруму, өзүнүн окуудагы жетишкендиктери жана эл аралык аренада өз жөндөмдүүлүгүн жогорку деңгээлде көрсөткөндүгү үчүн биздин кесиптешибизге Анкара шаарындагы Президенттик резиденцияда 2022-жылдын 1-ноябрында бүтүрүү аземинде Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган окуусун ийгиликтүү аяктагыны тууралуу диплом менен сертификатты тапшырды. Аталган иш-чарага Түркиянын Ички иштер министри Сулейман Сойлу да катышты. Ошону менен катар кесиптешибиз Түркиянын полиция Академиясынын башчысы профессор, доктор Чолак Йылмаздын колунан сыйланды.

«Кыргыз милициясынын деңгээлин үлгүлүү жана жогорку деңгээлде көрсөткөндү үчүн милициянын лейтенанты Адилет Акынали уулу менен сыймыктанабыз.
Милициянын лейтенанты Адилет Акынали уулу 1999-жылы Баткен облусунун Баткен районунда туулган. Буга чейин Баткен РИИБде балдар менен иштөө боюнча инспектор кызматында иштеп келген. Кесиптешибиздин Кыргыз милициясынын кадыр-баркын жана аброюн жогорку деңгээлге көтөрүп, мекенибизге кызмат кылуу менен генерал наамына жетем деген аруу тилеги бар»,-деп берилет маалыматта.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

514