Караколдо соода борборлордун биринде күйөөсү аялын бычактаган.Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-ноябрь күнү болжол менен кечке маал Каракол ШИИБне 112 кызматынан кабар түшүп, анда Каракол шаарында жайгашкан «Кумтөр» соода борборунда эркек киши аял кишини бычактап салгандыгын билдирилген.
Аталган маалымат электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге тергөө топтору жөнөтүлгөн.
Териштирүү иштерин жүргүзүү учурунда, Ак-Суу районунун 35 жаштагы тургуну К.Э. соода борборунда Жети-Өгүз районунун тургуну 30 жаштагы мурдагы жубайы З. Ж. менен жолугушканы аныкталган. Жолугушу учурунда экөөнүн ортосунда уруш чыгып, анын кесепетинде шектүү мурдагы жубайына жана өзүнө бычак сайган. Натыйжада, келин алган жаракатынан окуя болгон жерден каза болгон, шектүү болсо оор абалда областтык бириккен ооруканасына жаткырылган.
Соттук-медициналык экспертиза дайындалып,окуя болгон жерден далил зат катары ашкана бычагы алынган.