7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
-10°C

Депутат: «Болот Назаровду «повод» кылып дагы бир жолу пайдалана калгысы келгендер туура эмес кылып жатасыңар»

253

Депутат Мирлан Самыйкожо ат уурдоого шектелип соттун чечими менен 1 айга камакка алынган акын Болот Назаров боюнча өзүнүн пикирин социалдык тармактагы баракчасына билдирди.

«Болот акын жөнүндө сурап жатасыңар. Бир нерсе дейин десем аныгын билбей турдум. Билип-билбей айтууга да болбойт болчу. Сураштырсам, Болот инибиз эргип кетиптир. Аргымак кыргыз жигитинин канын дүргүтүп, канат болуп калат да. “Тойдо кыз жоголот” деген сөз сыңарындай эле болуптур. Уурдай качыптыр дегенге болбойт! Чабандес менен сүйлөшүп, саяпкерче аргымак сырын сурашып минип кеткенин өз видеосунда деле айтып жатат.
Бирок, бийлик кылды деп да билек түрүнүп алганыбыз чекилик. Жөн жерден куру доомат кылуу туура эмес болуп калат. Бул оюбуз дагы Боке минген аргымактан күлүк болуп кетиптир. Ал эми Болоттун кылыгы деле чок баскандай чоң кылмыш эмес! Ар түрдүү бурмалабай чыгармачыл адамды туура түшүнүп коюңуздар. Болотту “повод» кылып дагы бир жолу пайдалана калгысы келгендер туура эмес кылып жатасыңар! Ансыз деле жакшынакай жаш акындын тагдырына так салып койгонуңар жакшы болгон эмес!»,-деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

254