7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркиянын вице-президенти расмий сапар менен Кыргызстанга келди

155

Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз расмий сапар менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Манас”эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Аэропортто эки мамлекеттин туулары илинип, Ардактуу кароол ротасы тизилип, килем төшөлдү.

Белгилей кетсек, сапардын алкагында Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаздын Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен жолугушуулары пландаштырылган.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жана Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаздын төрагалыгы алдында соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 12-жыйыны, ошондой эле кыргыз-түрк бизнес-форуму өтөт.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 18-сентябрында Бишкек шаарында Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын/вице-президентинин жолугушуусу болот.

156