7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Төрт-Гүл аймагында сабиздин түшүмү мол болду

265

Москва районуна караштуу Төрт-Гүл айыл аймагынын дыйкандары быйылкы жылдын сабиз жыйноо кампаниясында жогорку көрсөткүчкө жетишип, рекорд коюшту. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы сабиздин орточо түшүмдүүлүгү гектарынан 73 тоннаны түзүп, айрым аянттарда 91 тоннага чейин жетти. Бул өткөн жылдарга салыштырмалуу эң жогорку көрсөткүч болуп эсептелет.

Жыйналган түшүм ички рынокко жана кайра иштетүүчү ишканаларга жөнөтүлүүдө. Калган бөлүгү коңшу мамлекеттерге экспортко чыгаруу пландалууда.

266