7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түзөтүү абактарына ири өлчөмдө баңгизатын ташып жүргөн жаран кармалды (Видео)

814

Борбор калаанын криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери өзгөчө ири өлчөмдө баңгизатын ташып жүргөн каналдын бетин ачышты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кызматкерлер буга чейин белгисиз адамдар жашыруун түрдө унаа менен түзөтүү колонияларын айланып өтүмүш болуп, баңгизаттарын таркатып, жеткирип жаткандыгы жөнүндө маалымат алышкан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Атайын тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда шектүү катары 1999-жылы туулган К.А. аттуу жаран кармалган. Анда Daewoo Matiz унаасын текшерүү учурунда багажынан ак баштык табылган. Анын ичинде жыты бар зат менен толтурулган скотч менен оролгон 20 даана брикет болгон. Таразага тартылганда алынган заттын жалпы салмагы 9 килограмм 300 граммды түзгөн. Кармалган баңгизаты марихуана экени аныкталган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда башка дагы кылмышка шектүүлөрдү аныктоо иш-чаралары жүрүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

815