7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таң эрте ишти баштаган мэр суктандырды…

369

Илим Карыпбек Бишкек мэринин жасап жаткан иштерине суктанып ыраазычылыгын билдирди. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасынан билдирип, видео менен бөлүштү.

“Бүгүн таңдан ооруканага барып, анализдерди тапшырып, жаңы асфальт төшөлгөн Байтик баатыр көчөсүнүн жаңы ачылган тилкеси менен жөнөп калдым. Таңкы саат 5:50 болгондуктан унаа дагы, адам дагы жок жолдо 4-5 киши кетип баратышат. Булар таңда жол ортосунда эмне кылып жүрүшөт деп өтүп бара жатып кылчайып карап, биздин мэр Жунушалиев Айбек менен вице-мэр Ырсалиев Жамалбекти таанып калдым. Таңдан туруп иштеп жүрүшкөндөрүн көрүп чын дилимден кубанып, ыраазычылыгымды билдирейин деп кайрылып тосуп алдым. Өзгөчө жанында шагыраган журналист, пиар-миары жок, өзүлөрү бири бирин тартпай эле таң атпай иштеп жүргөндөрү дагы жакты. Урматтуу Айбек Жанышбекович! Жамалбек Самарбекович! Бишкек мэрия кызматкерлери! Шаарыбыздын жашоочусу катары бүгүн мени абдан кубанттыңар! Азаматсыңар! Мамлекеттик кызматкер деген так гана сиздердей болушу керек. Кызматыңар үчүн ыраазычылык!”,- деди ал.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

370