Бүгүн, 25-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20;
Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 13…18.
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8°, күндүз 20…22° жылуу болот.