7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таалатбек Масадыков Тажикстандын түштүк чек арасындагы абал менен таанышты

210

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Таалатбек Масадыков Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен Тажикстанга иш сапары менен барды.

ЖККУнун катчылыгы билдиргендей, сапардын алкагында ал уюмдун жоопкерчилик аймагындагы тышкы чек аранын түштүк бөлүгүндөгү кырдаал менен таанышып, үч чек ара кошуунунун тилкесиндеги чек ара тозотторуна жана өткөрүү пунктуна барды.

Ошондой эле Таалатбек Масадыков Шуроабад багытындагы тоолуу жана жетүүгө кыйын аймакта курулуп жаткан чек ара жолунун курулуш иштеринин жүрүшүн жеринен көрүп чыкты.

Иш сапардын жүрүшүндө ЖККУнун башкы катчысы Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары – Чек ара аскерлеринин командачысы Муродали Рабжадзода менен жолугушуу өткөрдү.

211