КР Маданият министринин орун басары Марат Тагаев Атамбаев жана анын үй бүлөсүнүн айланасындагы чыр боюнча пикирин билдирди.
“Атамбаев жана анын үй-бүлөсү саясатта тарыхый эпитеттерди мисал келтиргенди жакшы көрөт. Бакиев менен Жээнбековду Кокон бийлигин орнотуп жатат деп келсе, Раиса Атамбаева кайрылуусунда өзүн Манас өлгөндөн кийин ордосу талоонго түшкөн Каныкейге салыштырыптыр. Булардын риторикасы боюнча Кадыры Семетей окшойт. Мен Кадыр Атамбаевге кайрылгым келет. Атасы баласы үчүн, баласы атасы үчүн жооп бербейт деген принцип бар. Ошондуктан Алмазбек Атамбаевдин 10 жылдык башкаруусуна сени эч ким айыптабайт. Бирок атасынын кылмыштуу мурасын коргоп, бузуку сөзүн кайталап жаткан баласына өтмүштү эскертип да койбосо да болбойт.
Акыркы мезгилде Алмазбек Атамбаевдин «Бакиев» деген чайналган эски кассетасын кайра айлантканга аракет кылып жатасыңар. Бакиев темасы азыркы Кыргызстан үчүн Атамбаев сыяктуу эле актуалдуу эмес. Ал өткөн тарых. Жашаса эки үч кишинин оорулуу оюнда эле жашайт. Ошондуктан шизофрениянын жашарышына жол бербейбиз. Чындап келгенде Алмазбек Атамбаев Курманбек Бакиевге тарыхый талашты уттурду. Бакиев деп кайра элди коркутканга башкасы болсо дагы силердин моралдык дагы, жигиттик да укугуңар жок. Атамбаевдин 10 жылдык бийлиги саясий да, тарыхый да, идеологиялык да жактан банкрот. Эң оор сурагы бул дүйнөдө эмес, кан төккөн 80 баланын арбагынын алдында болот.
Сен коргоп жаткан Кой-Таштагы каргашалуу хан сарай – Атамбаевдин 10 жылдык бийлигинин эстелиги. Мен ал хан сарайды балдар үйү же карылар үйү эмес, «7-апрель» атындагы музей кылууга чакырат элем. Ошол жерде 2019-жылы мыйзамга баш ийбей жатып Үсөн Ниязбеков өлүп, Самат Курманкулов майып болду. Ал каргашалуу хан сарайды экс-президент кантип үйүнө бункер курганынын музейи кылыш керек. Атамбаевди мураскери Жээнбеков камаган. Үй-мүлкүңөр силер элдин эркине каршы жетелеп келген мураскеринин тушунда эле конфискацияланган. Кыргызда айтат «Машаяктын уулу болсоң дагы деп». Кыргыз элинде акыңар калган жок. Мыйзамды сыйлап, тынч жашагыла”,-деп жазды Тагаев.