7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тайырбек Сарпашев «Кумтөрдөн» пара алууга айыпталып кармалды

1251

«Кумтөр» иши боюнча мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевди пара алууга шектүү катары кармалгандыгын  УКМКнын маалымат кызматы билдирди. 

Сотко чейинки өндүрүштө,  Тайырбек Сарпашевдин  канадалык «Центерра» компаниясынын өкүлдөрү менен жең учунан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, «Кумтөр» кенинде жайгашкан мөңгүлөрдүн экологиялык коопсуздугуна зыян келтирип, аталган компаниянын кызыкчылыктарын ишке ашырууга багытталган кылмыштуу иш аракеттери аныкталды.

«Тергөө иштеринде, Т.Сарпашев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө жооптуу кызматтарды ээлөө менен, «Центерранын» кызыкчылыгында мөңгүлөрдүн сакталышын камсыз кыла турган мөңгүлөр жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгууга жана кабыл алууга тоскоолдук кылганы аныкталды.
Мындан тышкары, Т.Сарпашев кылмыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, «Кумтөр Голд Компания» ЖАК мөңгүлөрдү иштетүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө, «Кумтөр» кенинде жайгашкан, «Лысый» жана «Давыдов» мөңгүлөрүнүн талкаланышына алып келе турган Республиканын Суу кодексине өзгөртүүлөрдү кылуу үчүн өлкөнүн парламентинин кароосуна киргизген.

Т.Сарпашевдин тергөө тарабынан аныкталган кылмыштуу аракеттерин эске алуу менен,  17-июнда КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү («Коррупция») боюнча кылмышка шектүү делип кармалды.

Жакынкы аралыкта Т.Сарпашевге карата жогоруда айтылган кылмышты жасоого шектүү экендиги жөнүндө билдирүү жөнөтүлүп, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту баш коргоо чарасын карайт.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1252