Жогорку Кеңештин депутаттарынын алгачкы отурумунда парламент төрагалыгына Талант Мамытов жана Адахан Мадумаровдун талапкерлиги көрсөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болду.
Талант Мамытов «Ынтымак» фракциясынан, ал эми Адахан Мадумаров «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан көрсөтүлдү. Эки талапкер тең Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары.
Белгилей кетсек, бүгүн, 29-декабрында Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайланып келген депутаттардын ант берүү аземи өттү.