7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Талант Мамытов Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышат

247

Учурда Президенттин милдетин аткаруучу, төрага Талант Мамытов бүгүн, 11-декабрда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин видеоконференция форматындагы кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.


Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенконун төрагалыгы астында өтө турган бул жыйында евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары, Бирликтин 2021-жылга карата эл аралык ишмердигинин негизги багыттары, интеграциялык процесстерди тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери жана башка маселелер талкууланат.


Ошондой эле ЕАЭБге байкоочу-мамлекеттердин макамын Куба Республикасы менен Өзбекстан Республикасына берүү маселеси да каралат.


Кезектеги жыйындын соңунда бир катар чечимдер кабыл алынары белгиленди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

248