Борбордук шайлоо комиссиясы Президенттин кызмат ордуна катталган талапкерлердин ортосунда шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрдү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
«Президенттин кызмат ордуна катталган талапкерлердин ортосунда шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулакты өткөрүү тартиби жөнүндө” жобого ылайык КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого байланыштуу шайлоо аракеттеринин мөөнөттөрүнүн кыскарышын эске алуу менен добуш берүү күнүнө чейин 19 календардык күндөн кечиктирбестен чүчүкулак өткөрүлөт.
Чүчүкулак бүгүн 19-декабрда болуп, натыйжада шайлоо бюллетендериндеги кезектүүлүк төмөнкүдөй болду:
- Жапаров Садыр Нургожоевич;
- Исаев Канатбек Кедейканович;
- Арстанбек Мыктыбек;
- Сооронкулова Клара Сыргакбековна;
- Ташов Имамидин Асамидинович;
- Тагаев Рашид Бакирович;
- Сегизбаев Абдил Кенешевич;
- Мадумаров Адахан Кимсанбаевич;
- Касенов Аймен Абдыталипович;
- Кочкоров Улукбек Тойчубаевич;
- Байгуттиев Женишбек Сейтбекович;
- Абакиров Эльдар Курманбекович;
- Асанов Курсан Сатарович;
- Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич;
- Джеенбеков Равшан Бабырбекович;
- Калмаматов Бактыбек Орозалиевич;
- Тольбаев Бабыржан Латиханович;
- Иманалиев Каныбек Капашович.
Чүчүкулакка КР Президентине катталган талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле коомдук байкоочулар катышты.