7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Талас мэриясынын жана шаардык кеңешинин кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалды

584

Талас шаарынын мэриясынын жана шаардык кеңешинин кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-январда Талас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгында муниципалдык менчикте турган жер тилкелерин ижарага берүүдө коррупциялык схема аныкталды.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Талас шаарынын биринчи вице-мэри Б.М.М., Талас шаардык кеңешинин спикери Ж.А.Д., вице-спикер К.А.С. жана муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Д.М.С. алдын ала сүйлөшүүлөргө барып, акчалай сыйлыктар үчүн муниципалдык жер тилкелерин айрым жеке ишкердик жүргүзгөн субъекттерге “жер тилкелери үчүн ижара акысын тарифтештирүүнү мыйзамсыз жана өз алдынча аныктоо жолу менен, башкача айтканда, ижара акысынын баасын төмөндөтүп, ишкерлерден белгилүү бир сыйакы алып, муну менен жергиликтүү бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтиршип” жана түшкөн каражаттардын бир бөлүгүн ыйгарып алышкан.

КРнын Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматынын корутундусуна ылайык, жогорудагы коррупциялык схеманын натыйжасында 2020-2022-жылдар аралыгында муниципалдык жер тилкелерин пайдалангандыгы үчүн ижара акысын төлөбөй коюу түрүндө мамлекеттик бюджетке келтирилген зыян 30 миллион сомдон ашык сумманы түзгөн.

Кылмыш ишинин материалдарына ылайык, Талас шаарынын биринчи вице-мэри, Талас шаардык кеңешинин спикери, вице-спикер К.А.С. жана муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси кармалды.

Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кармалгандарга карата баш коргоо чарасын тандоо каралууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

585