2-ноябрга карата коронавирус дагы 98 адамдан аныкталып, 79 адам илдеттен сакайып чыкты. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди.
Маалыматка ылайык, бир суткада 2 бейтап каза болду.
- Бишкек шаарында – 38,
- Чүй облусунда – 36,
- Талас облусунда – 2,
- Нарын облусунда – 1,
- Ысык-Көл облусунда – 13,
- Жалал-Абад облусунда – 7,
- Баткен облусунда – 1 адамдан илдет табылган.
Пандемия башталгандан бери 181 миң 425 адам коронавирус жуктуруп алган.