7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Талас облусунда арзан баада мыйзамсыз сатылган жер тилке аныкталды

478

Талас облусунда жалпы аянты 16,5 га жер тилке (Балык чарба) арзан баада мыйзамсыз сатылгандыгы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

11-февралда Талас балык чарба мамлекеттик ишканасына тийиштүү, Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Күмүштак айыл өкмөтүнө караштуу Боо-Терек айылында жайгашкан жалпы аянты 16,5 га №1 сандуу көлмө соттун чечими менен аукцион аркылуу мыйзамсыз сатылганы аныкталып, аукционду уюштуруу жана көлмөну сатуу иштерине шектүү катары, УКМКнын Талас облусу боюнча Башкармалыгы тарабынан төмөндөгү мамлекеттик кызматкерлер аныкталып кармалышты.

—              1974-жылы туулган Ш.А.Ж. — (Бакай-Ата райондук сот аткаруучу);

—              1962-жылы туулган Ж.Б.Н. — (Бакай-Ата райондук салык башчы);

—              1969-жылы туулган Ч.М.А. — (көлмөнү мыйзамсыз  сатып алган ЖИ).

Иликтөө иштерин жөнгө салуу максатында, жогорудагы адамдар Талас облустук ИИМ убактылуу кармоо жайына 1 айга камакка алынышты. Тактап айтканда, алар өз кызыкчылыктары үчүн аталган көлмөнү 874 500 сомго арзан баалап, мыйзамсыз сатып жиберишкен.

479