7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Талас облусундагы айыл аймагынын башчысы жана жер адиси кармалды

1

Талас облусунда Аманбаев айыл аймагынын башчысы жана жер адиси кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

УКМК тарабынан Талас облусунун Аманбаев айыл аймагынын кызмат адамдары тарабынан пайдасыз келишим түзүү фактысы аныкталды.

Алсак, 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги тарабынан Аманбаев айыл аймагынын Бакайыр айылындагы жалпы аянты 60 гектар жер тилкесине тамчылатып сугаруу системалары жана бассейн орнотулган.

Аманбаев айыл аймагынын жооптуу кызмат адамдары жеке кызыкчылыктарын көздөп, жогорудагы 60 гектар жерди жакын туугандарына ижарага бергендиги аныкталды. Натыйжасында мамлекеттин кызыкчылыгына 1 млн.579 миң 980 сом өлчөмүндө өзгөчө ири зыян келтирилген.

Шектүүлөр Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган андан аркы тергөө жана ыкчам иш-чаралар уланууда.

2