7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Талас шаарында мэрдин балатысы өттү

652

А. Огонбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде Талас шаарынын мэри Аскар Шабдановдун балдар үчүн жаңы жылдык балаты майрамы өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Жаңы жылдык балаты майрамы Талас шаардык балдар музыкалык мектеби тарабынан уюштурулган оюн-зоок майрамдык концерттик программа менен коштолду. Калаа башчы Аскар Шабданов өз куттуктоо сөзүндө балатыга келген жаш шаар тургундарын келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, аларга чың ден соолук, окууларына ийгилик каалады.

Белгилей кетсек, мэрдин балатысына жаш курагы 6 жаштан 15 жашка чейинки, жетим, жарым жетим, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, окуунун отличниктери жана ар кандай сынактардын жеңүүчүлөрү, ошондой эле көп балалуу үй-бүлөлөрдүн жана 6-7-апрель революциясынын баатырларынын балдары катышты.

Иш-чаранын соңунда балатыга чакырылган 100 балага таттуу белектер тапшырылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

653