Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» жарлыкка кол койду.
Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий дараметин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн, ошондой эле кесиптик жетишкендиктери үчүн сыйланышты.
- “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” деген ардактуу наам менен төмөндөгүлөр сыйланды.
- Абдувалиев Курманбек Шаанбековичке – К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл музыкалык драма театрынын сахна чебери;
- Джолдошева Гулмира Сапаровнага – Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисти;
- Джельденбаев Элдияр Мусаевичке – Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кыргыз фольклордук тобунун артисти;
- Жумалиев Болотбек Жакыповичке – мультипликациалык фильмдердин сүрөтчү-коючусу, “Кыргызстан кинематографисттер союзу” коомдук бирикмесинин мүчөсү;
- Жуманова Кайыргуль Максытовнага – С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын артисти;
- Зейналиева Калидакан Насиралиевнага – С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын артисти;
- Искеналиев Съезбек Искеналиевичке – Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаментинин “Семетей” ыр-бий ансамблинин солисти;
- Карыбекова Зулпия Нажимидиновнага – актриса, ырчы, алып баруучу;
- Кулуев Максат Маратовичке – Кыргыз улуттук “Манас” театрынын акын-импровизатору;
- Мейзер Зульфия Сулеймановнага – Кыргызстан калкы ассамблеясынын “Достук” тобунун солисти, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Борбордук армия үйүнүн солисти;
- Сарыбаев Азамат Бектургановичке – Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын А. Үсөнбаев атындагы “Эл шайырлары” кыргыз фольклордук тобунун артисти;
- Усенов Урматбек Бейшенбековичке – эстрада ырчысы;