Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Талас облусунун Талас шаарынын мэри Шабданов Аскар Адылбекович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Ал эми Эрмат Джумаев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Талас облусунун Талас шаарынын мэри болуп дайындалды.