Талас облусунда чет элдиктердин ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
26-мартта Словакиянын С.Д. жана Э.Э. аттуу жарандары мыйзамсыз ишмердүүлүгүн активдештирүү максатында, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын уруксаты жок, Талас шаарынын тургундарын Рим-католик чиркөөсүнүн идеологиясын үгүттөшкөн.
Аларга Кыргызстандын мыйзамдарын бузууга жол бербөө үчүн эскертүү менен административдик айып салынды.